Аскерге кеткен 18 жаштагы Айжигиттин сөөгү келди...
- 10.11.2022, 13:18,
- Саясат / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылынын тургуну — 2004-жылы туулган Айжигит Таалайбек уулу аскердик кызмат өтөп жатканда каза тапты. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын бөлөсү Миргүл Раимжанова билдирди.
Анын айтымында, Айжигит Таалайбек уулу токмоктолгон, денесинде көк ала тактар бар. Ал Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан.
Бул туурасында: «Бөлөм 1 ай мурун мекенге кызмат кылуу үчүн кеткен. Бою 180 сантиметрден жогору болчу. Ден соолугу чың эле. Кечээ, 9-ноябрь күнү саат 15:00дө ата-энесине кабар берип, "балаңар ооруп жатат" дешиптир. Биздин туугандар барышса, бала өлүкканада экен. Оозун да скотч менен жаап салышыптыр. Скотчту алганда эле кан куюлуп кетиптир. Башы да көгөргөн. Денесинин соо жери жок, баары көк ала. Айдаркендеги аскер бөлүктөн "балаңарга 1 укол сайылды" дешиптир. Кандай укол экенин билбейм. Бир ай мурун сопсоо кеткен бала өлүп калышы мүмкүн эмес болчу. Аны ур-токмокко алышкан. Ата-энеси менен 2 күн мурун сүйлөшкөндө "бизди 2 күндөн кийин башка аскер бөлүктөргө бөлөт экен" деп айткан экен», - деди М.Раимжанова.
Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн айылына жеткирилди. Ал бүгүн, 10-ноябрда жерге берилет.
Булак: “Турмуш”