Фархад Исмаилов: «Кимде ким өлкө башчысына каршы сүйлөсө, күнгө карап таш урган менен барабар»
- 26.10.2022, 14:08,
- Саясат / Коом
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эмил Токтошев массалык камоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады. Ал эми Мадумаров бул маселени биринчи кезекте кароо керектигин айтты.
Буга байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Фархад Исмаилов президентти күнгө теңеп, Адахан Мудумаровго: «Кимде ким өлкө башчысына каршы сүйлөсө, күнгө карап таш урган менен барабар. 30 жылда азыркы президенттей эч ким иштеген эмес. Сиз 30 жылда мамлекетке бир кирпич алып келген эмессиз. Сиз менен аял кишилер гана тең келбесе, сиз менен тең келчү жигит мүнөздүү адамдар аз. Жөн пиар кылбаңыз. Менин сөзүмө комментарий бере турган болсоңуз, кабинетиңизге барып түшүндүрөм», - деп айтып чыкты.
Айткандай, Фархад Исмаилов диплому жасалма деген депутаттын бири экен. Ташиевдин "Ата-Журт" партиясынан депутат болгондуктанбы, же өң карама саясаттын кесепетиненби бүгүнкү күнгө чейин БШК мандатын ажыратуу маселесин карай элек.