Жеңиш Токторбаев: «Мадумаров саясий таштанды»
- 26.10.2022, 13:50,
- Башкы / Саясат / Коом
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эмил Токтошев массалык камоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады. Ал эми Мадумаров бул маселени биринчи кезекте кароо керектигин айтты.
Ошол эле учурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Сүйүн Абдылдаев кечээ комитетке ИИМ менен Башкы прокуратурадан келишкенин билдирди. Бирок алар тергөө бүтмөйүн эч нерсе айта албай жатканын, андыктан чакыруунун зарылдыгы жоктугун белгиледи.
Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Адахан Мадумаровду "саясий таштанды" деп атады.
Ал өз сөзүндө: «Мадумаров жеңил пиар кылып жатат. Өзүнөн башка акылдуу жок деп эсептейт. Ал саясий таштанды» деп сындады.