У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 62 адамга жетти


 Ыкчам маалымат боюнча, 24-сентябрга карата Кыргызстанга куралдуу баскынчылыктын кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, тажик аскерлери тынч жаткан элге ок аткан.  17-сентябрга чейин абал курчуган. Тажик тарап чек ара сызыгында ок атышууну толук токтотуу боюнча келишимге карабастан аткылоону улантып, натыйжада Кыргызстандын 59 жараны окко учкан. 136 миң 770 жаран үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушкан – алар эвакуацияланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter