У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде эвакуация болгон жарандар үйлөрүнө кайтууда...


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда эвакуация болгон Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үйлөрүнө кайтып жатышат. Бул тууралуу брифингде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.
 
Анын айтымында, аймакта абал туруктуу. Комиссиялар жабыркаган имараттарды текшерүүнү улантууда.
 
«Элдер үйлөрүнө кайтып жатышат. Бирок тиешелүү органдар дагы эле жарылбай калган снаряддарды жок кылып жатышканын эскертебиз. Мындай ок-дарыларды короосунан, бакчасынан же башка жерден көргөн жарандар тиешелүү органдарга кайрылышсын. Аларга тийүүнүн кереги жок. Коопсуздук максатында жарандардан комиссиянын текшерүү жүргүзүүсүнө тоскоол болбоону, эвакуациялоо аймактарында болууну суранабыз», — деди Нурлан Исмаилов.


Пикир калтыруу
  • Druftr
  • 28-11-2022, 04:23
  • : 04:23
    • Нравится
    • 0
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter