Чек арада жашагандарга курал берүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
- 23.09.2022, 14:46,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов чек ара аймактарынын тургундарына курал-жарак берүүнү караган мыйзам долбоорун демилгеледи. Мыйзам долбоор парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.
Анын демилгесине ылайык, 20 жашка чыккан жарандарга сырттан коркунуч жаралган учурда колдонуу укугу менен курал берилиши керек. Мында куралды колдонууга уруксат алган адамдар окуудан жана курал менен иштөөнүн эрежелерин билүүсү үчүн тийиштүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Депутат учурда Борбор Азия чөлкөмүндө эл аралык терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучу бар экенин айтат.
«Чек арага жакын аймактарда жашаган, өзгөчө статуска ээ болгон жарандар тышкы коркунуч келип чыккан учурда өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо үчүн курал колдонууга укуктуу», - деп айтылат документтин негиздемесинде.