Россиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер чакырылары айтылды
- 21.09.2022, 13:50,
- Саясат / Жаңылыктар
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын президенти Владимир Путин россиялыктарга, Украинанын Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын тургундарына кайрылуу жасады. Анда президент Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.
«Россияда жарыяланган жарым-жартылай мобилизацияга буга чейин аскердик кызмат өтөгөндөр, аскердик кесиби барлар, согуштук аракеттерге катышкандар чакырылат. Аскердик кызматка чакырылгандар бөлүктөргө жөнөтүлгөнгө чейин атайын аскердик операциянын тажрыйбасын эске алуу менен сөзсүз түрдө кошумча аскердик даярдыктан өтүшөт», - деди ал.
Ошондой эле Владимир Путин кайрылуу жасап, жарым-жартылай мобилизация боюнча жарлыкка кол койгонун билдирди.