У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


9-майдан тартып Россияда массалык мобилизация башталабы? Кремлдин жообу…


 Орус бийлиги массалык мобилизацияны 9-майда жарыялоону көздөбөй турганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу Медуза маалымдайт. 
 
 
"Бул туура эмес маалымат, болбогон сөз”, - деди Песков тиешелүү суроого жооп берип жатып.
 
Песков ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин 9-майда Украинага расмий түрдө согуш жарыялайт деген маалыматты куру сөз деп атады.
 
Буга чейин, 2-майда CNN Батыш расмийлерине шилтеме жасап, 9-майда Путин Украинага расмий түрдө согуш жарыялашы мүмкүн экенин, бул ага жалпы мобилизация жүргүзүүгө жана резервдик күчтөрдү тартууга мүмкүндүк берерин жазган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter