У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Өзбекстан менен Тажикстанга аскердик учактарды берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


АКШ Өзбекстан менен Тажикстанга Ооганстандагы террорчуларга каршы күрөшүүдө аталган эки мамлекеттен жардам алуу үчүн Ооганстандан калган 46 аскердик учагын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Politico өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. 
 
Сөз талибдер Кабулду басып алгандан кийин Өзбекстан менен Тажикстанга Ооган аба күчтөрүнүн учкучтары жеткирген учактар жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчу учактары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар. Талибдер бул учактарды оогандардын менчиги экенин айтып, аларды кайтарып берүүнү талап кылууда. Өзбекстан менен Тажикстандын бийликтери аны АКШнын менчиги деп айтып, кайра кайтаруудан баш тартышууда.
 
АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү белгилегендей, эки өлкө тең бул учактарды алууга абдан кызыкдар.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter