У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев иштен алган кызматкерлер кайра кызматка келди. Аларга компенсация төлөнөт...


 Биринчи май райондук соту мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен кызматтан алынган Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчыларынын кызмат ордун кайра калбына келтирүү жана кызматтан мыйзамсыз четтетилгени үчүн кенемте төлөп берүү чечимин чыгарды. 
 
Райондук соттун 10-августтагы токтомунда Айнура Акматова, Азамат Жумакеев, Гүлмира Ибраева кызматтан алуу боюнча буйруктарды мыйзамсыз деп таануу боюнча доо арыз менен сотко кайрылганы айтылат. Алар ошондой эле мажбурлап иштен кеткен учур үчүн эмгек акысын өндүрүп алуу менен кызматтарын калыбына келтирүүнү талап кылышкан. 
 
Чечимде доогерлерге дисциплинардык жаза колдонууга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат каражаттарында сүйлөгөнү себеп болгону айтылат.
 
 Биринчи Май райондук соту Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматынан бошотулган кызматкерлеринин арызын канааттандырды.
 
Ага ылайык, Азамат Жумакеев юридикалык бөлүмдүн начальнигинин кызматына калыбына келтирилсин, Саламаттыкты сактоо министрлигинен Жумакеевдин пайдасына 119 миң 568 сом өлчөмүндөгү эмгек акысын өндүрүп берүү;
 
- Акматова Айнура коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын начальниги кызматына калыбына келтирилсин, Саламаттыкты сактоо министрлигинен Акматованын пайдасына 94 миң 449 сом өлчөмүндө эмгек акысын өндүрүү;
 
- Гүлмира Ибраева иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы кызматы калыбына келтирилсин, Саламаттыкты сактоо министрлигинен Ибраеванын пайдасына 109 миң 498 сом өлчөмүндө эмгек акысын өндүрүү чечими чыкты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter