У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Доскул Бекмурзаев: Кыргызстанда электр энергиядан башканын баары кымбаттап жатат


 Кыргызстанда баары кымбаттап, электр энергиянын баасы мурдагыдай эле калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
 
Анын айтымында, электр энергиясына болгон баа мурдагы калыпта сакталып, ал эми энергетикалык компаниялардын чыгымдары өсүүдө. Мисал катары министр күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы жана электр энергиясына болгон техникалык шарттарды эске салды.
 
«Баары сырттан сатылып алынат. Жабдуулар чет элдик валютада алынып келинет, бул да электр энергиясынын өздүк наркына таасирин тийгизет. Доллардын курсу көтөрүлгөндө өсүмдүк майы кымбаттап кетти, башка азыктар дагы кымбаттады. Ошондуктан тарифтик саясатты калыс кароо керек», - деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter