У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады


 Депутат Айбек Алтынбеков электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
 
Анын айтканына караганда, учурда Энергетика министрлиги чыгаша менен иштеп, карызга батууда. Мындан мамлекет жабыр тартып жатат, министрлик өзүн-өзү камсыз кылууга жетиши үчүн электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек. 
 
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, 2021-жылы министрликтин кирешеси 23 миллиард сомго чамалады. Чыгымдар 29 миллиард сомго жакын болгон. 
 
«Айырмасы 5 миллиард сомдон ашык. Айырманы Каржы министрлигинен алган бюджеттик кредит менен жапканбыз», - дейт Тилек Айталиев.
 
Ошол эле учурда депутат Айбек Алтынбеков бүгүнкү күндө Энергетика министрлигинин жалпы карызы 137 миллиард сомду түзөрүн айтты.
 
«Министрлик качан өзүн камсыздоого, пайдага табууга жетишет. Качан министрликтин өздүк бюджеттин түзөсүӊөр?», — деп сурады депутат.
 
Тилек Айталиев белгилегендей, электр энергиясынын баасы менен орточо тариф теңелмейинче мындай көйгөй жаралат.
 
«Биз 2025-жылга чейин тариф саясатын кабыл алганбыз. Анда электр энергиясын керектөөчүлөрдүн бир нече категориясы үчүн тарифтин өлчөмүн акырындык менен жогорулатуу каралган. Бирок биз карантинден кийинки мезгилди, доллардын туруксуздугун да эске алабыз. Ошондой эле президенттин 110 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясынын баасын 50 тыйынга чейин арзандатуу боюнча тапшырмасы бар. Ошондуктан, биз орточо тарифтик бааны табуу үчүн дифференцияланган ыкманы колдонобуз», - деди министрдин орун басары.
 
Депутат бүгүнкү күндө министрликтин карызы 137 миллиард сомго жеткенин дагы бир жолу эске салды.
 
"Ошондуктан пенсиянын, айлык акынын көбөйүшү менен электр энергиясына болгон тарифти акырындык менен көтөрүш керек, ошондо министрлик өзүн толук камсыздоого жетишет. Болбосо, энергетика тармагы карызга бата берет" — деди Алтынбеков. 
 
«2047-жылга чейин биз карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Тармак боюнча көз карашыбыз, концепциябыз бар. Элдин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иш алып барабыз», - деп жооп берди Тилек Айталиев.
 
Депутат буга каршы чыгып, 2022-жылга Энергетика министрлиги 24 миллиард сом киреше тапканын көрсөткөнүн белгилеп: «2022-жылы киршене 24 миллиард сом болсо, чыгашалар 40 миллиарддан ашык болору күтүлүүдө. Жылдан жылга  чыгашалар көбөйүп баратат. Былтыркы айырма 5 миллиарддан ашык болсо, быйыл 16 миллиард сомдон ашат. Мындан мамлекет гана жабыркап жатат», - деди Айбек Алтынбеков.
 
Киреше менен чыгашанын ортосундагы чоң айырма карызды төлөөгө байланыштуу экенин белгиледи энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев. 
 
«Бүгүн биз мунун үстүндө иштеп жатабыз, маселени чечүүнүн варианттарын сунуштайбыз», - деп жооп берди Тилек Айталиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter