“Манас” аэропортунун жетекчиси Манас Самидиновго оӊтойсуз суроолор?
- Манас Самидинович, куру челек катуу калдырайт дегенди уктуӊуз беле? Уксаӊыз, өзүӊүздү көӊдөй, куру челек сезбей элесизби? Дегеним, көчүк көтөрүп иш кылбай жатып эле, өзүӊүздү курулай пиарлап мактатып жатканыӊыз кандай? Эӊ кур дегенде курай башын сындырып, анан тролль жалдап, мактансаӊыз бир аз да болсо окшошмок эле, туурабы?
Мына Тамчы жана Каракол шаарларындагы аэропортторун текшерип, жүк терминалын ачуу күтүлүп жатканын шаӊдуу жар салып, аны көбүртүп-жабыртып пиар кылып жатасыз чынбы?
Деги эле “Тамчы” аэропортуна жук ташуучу терминал куруунун өзү канчалык маанилүү? Ысык-Көл аркылуу кайсы жакка, эмне болгон жүктү чыгымы көп самолёт менен ташыганы жатасыз? Арзан делген темир жол жана автомобиль жолу “Ысык-Көлдөн” жүк ташып жетишпей жатабы? Же “Ысык-Көлгө” туристтер тонналаган кийим-кечеси менен келип, кыйналып калып жатышабы? Деги мамлекеттин акчасын оӊду-солду максатсыз короткон пайдалуубу?
Негизи эле, буга дейре мамлекеттик кызматта иштебей, тажырыйба жок эле, түз эле түндүктөн түшкөнсүп “Манас” аэропортунун директору болуш, самолёттун каттамдарын тамак-аш менен камсыз кылгандай жеӊил-желпи иш эмес бекен? Жарым жылга жетпеген убак самолёттун каттамдарын тамак-аш менен камсыз кылган ишти аркалап, анан дароо директор болуштун сыры эмнеде?
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу