У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды


Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон.

Билдирүүгө караганда, аялдамада турган 33 жаштагы аял эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп ичине отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автосун жол четине токтотуп аялга асыла баштаган.

"Аял эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter