У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым жок

 
Ишинен убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым жок экенин анын жактоочусу Кайсын Абакиров жазды.

“Адвокаттык иликтөөнүн жыйынтыгында, 2021-жылы алынган “Синофарм” вакцинасынын каржылоосун Дүйнөлүк банк төлөп бергени белгилүү болду” деди Абакиров Фейсбуктагы билдирүүсүндө. Ал билдирүү менен кошо төлөм экени көрсөтүлгөн документтерди тиркеген.

Жактоочунун айтымында, Дүйнөлүк банк 2022-жылы март, февраль айларында Каржы министрлигине 13 млн. 454 миң доллар которгон.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармаган.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы прокуратура эл аралык жардамга карабай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын билдирген.

Башкы көзөмөл органы бул каражат офшордук аймакка которулганын, өлкөдө вакцина турганына карабай министрликтин кызматкерлери пайда табуу үчүн кошумча сатып алышкан деп айыптаган. Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон.

Бейшеналиев 16-июнда үй камагына чыккан. 25-июнда президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча пикирин айтып, "экөөндө тең күнөө барын" билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter