Мелис Аспеков: Эки достун аягы эмне менен бүтөт? Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун бийлигин тартып алат…
- 09.06.2022, 17:57,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Мен жалпы кыргыз элинен кечирим сурагым келип турат. Садыр Жапаровду бийликке алып келгенибиз үчүн элден кечирим сурайм. Садыр Жапаров саткын адам экен. Путин: «Эӊ жаман сапат саткындык», -деп айтпады беле, Садыр Жапаров бүгүн эӊ сапаттарга ээ болуп жатат. Эки достун аягы эмне менен бүтөт деп айтып жатышпайбы? Ушул суроого мен жооп берип коеюн. Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун бийлигин тартып алат. Мына ошол менен бүтөт аягы. Себеби Камчыбек Ташиевдин командасы бар. Садыр Жапаровдун командасы жок. Ал өз командасын камап жатат. Мына, Алымкадыр Бейшеналиевди камап салдыбы. Камап салды. Аны эмнеге камады? Себеби ал дары-дармек мафиясына каршы чыкты. Алымкадыр Бейшеналиевди, мени чыгарганга Садыр Жапаровдун бир эле телефон чалуусу жетет. Соттордун баарын ал өзү көзөмөлдөп жатат. Башында менин жакындарым Садыр Жапаровго барганда «Мелисти Камчыбек Ташиев камап жатат»,- деп айткан . Ташиевдин мени камоого эч кандай салымы жок экени билинди. Мени Садыр Жапаров өзү камап, сот иштеримди да өзү көзөмөлдөп жатат.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди өзү жамандап жүрчү. Тосмодон Камчыбек Ташиев акча алып тосмодон секирген деп айтып жүрчү. Ошол үчүн биз аны жаман көрчүбүз»,- деди Мелис Аспеков.
=