
Муздак суунун азыркы тарифи анын өздүк наркынан төмөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеӊешинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек суу каналынын башкы инженери Кадырбек Оторов билдирди.
Анын айтымында, азыр бишкектиктер 1 куб суу үчүн 8,1 сомдон төлөшүүдө.
«Биз эсептөөлөрдү жүргүздүк. Өткөн жылы бизде 9,54 сом болгон. Быйылкы жылы — 10,42 сом. 2023-жылга болжол 11,26 сом, 2024-жылга 11,98 сом», - деди ал.
Кадырбек Оторов белгилегендей, чыгымдардын чоң бөлүгүн электр энергиясы үчүн төлөм түзөт.
«Өткөн жылдан тарта 2025-жылга чейин электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча график түзүлгөн. Мындан тышкары, материалдар, күйүүчү майлар кымбаттап жатат. Мунун баары «Бишкексууканал» ишканасынын каржылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн», - деди ал.
Депутаттар өндүрүш жана тейлөө башкармалыгы тарифти көтөрүү боюнча долбоор даярдап жатабы деп сурашты.
"Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз",- деди ал.
Эске салсак, Бишкек шаарында акыркы жолу таза сууга жана канализацияга тариф 2019-жылдын ноябрь айында көтөрүлгөн. Андан кийин калк үчүн муздак сууга тариф 1,5 эсеге жогорулады: 1 куб метрине 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин, канализацияга – дээрлик эки эсеге, 1 куб метрине 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин көтөрүлгөн.