У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды


  2022-жылдын 21-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып  козголгон кылмыш ишинин алкагында, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык прибор менен Б.К.Т. аттуу Талас районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
    Маалыматкы ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.
   
  Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter