У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын мектептеринде 100дөн ашык мугалим дипломсуз иштешет


 Кыргызстанда мектептерде диплому жок 110 мугалим иштейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысы Гүлнар Тохтакунова билдирди. 
 
«Тилекке каршы, 4-курста окуусун таштап кеткен, жогорку же орто атайын билим алган мугалимдердин контингенти бар. Алардын базалык билими бар, бирок диплому жок, ошондуктан алар мектептен кийин деп эсептелет», - дейт Гүлнар Тохтакунова.
 
Анын айтканына караганда, мугалимдер жетишсиз болгон алыскы аймактарда диплому жок мугалимдер дене тарбия жана эмгек сабактарынан беришет, математика жана физика сабактарынан беришпейт. 
 
«Республика боюнча алардын саны 110го жакын, жалпысынан 78 миң мугалим бар. Эгерде пайыз менен эсептеп көрсөңүз, анда бул өтө аз, маселе чечилет. Сентябрдан баштап талапты күчөтөбүз, ар бир мугалим өзүнүн талаптарын аткарат. Аларды таштап коюу туура эмес. Албетте, биз бардык мугалимдердин билимдүү болушуна аракет кылабыз. Азыр аларды иштен кетире албайбыз. Алар дагы окуусун бүтүрүүлөрү керек», - деп кошумчалады Гүлнар Токтахунова.
 
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому менен 2022-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин айлык акысы 80 пайызга жогорулады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter