Бейшеналиев: Президент менен жакшы мамиледе болбогонумда мени эбак эле кызматтан кетиришмек
- 14.04.2022, 18:24,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Мен президент менен жакшы мамиледемин. Эгерде президент менен жакшы мамиледе болбогондо, анда мени эбак эле кызматтан кетирмек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ал кадыр-баркка маани бербей турганын, өзүн иш менен көрсөтө турганын айтты.
«Менин рейтингим нөл болсун, бирок мен өз ишимди кылам. Жыйынтыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана министрлер кабинети берет, жакшы жыйынтык чыгат деп ишенем. Мен өз кызмат ордумда калам, эгер калбасам, хирург болом», - деди министр.
Буга чейин министрлер кабинети ушул аптада Саламаттыкты сактоо министринин айрым билдирүүлөрүнөн кийин анын жоопкерчилигин карай турганы маалымдалган.