У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматы: Тажик тарап мезгил-мезгили менен кыргыз аскерлерин аткылап жатат


 12-апрелде саат 23:15те мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
 
Кыргыз айылдарын минометтон атууну токтотуп, саат 22:50дөн баштап тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы Радар-1 тилкесинде Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин мезгил-мезгили менен аткылоодо.
 
Аны менен катар окуя болгон жерге оор техникаларын тартып жатканы кабарланды.
 
КР УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев укук коргоо органдарынын аракеттерин координациялоо максатында жеринде жүрөт.
 
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter