У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажик аскерлеринин аткылоосунун натыйжасында Кыргызстандын жаранынын үйү күйүп кетти


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында атышуу уланууда.
 
КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, тажик тараптын демилгеси менен саат 22:18де УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен атышууну токтотуу боюнча сүйлөштү. 
 
Шаршеевдин айтымында, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат, анын үстүнө оор аскердик техникаларды жана аскердик курамды чек арага тартууну улантууда. 
 
«Саат 23:00гө карата Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин позицияларына маал-маалы менен ок атууну улантууда. Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында атышуулар уланууда», — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
 
Кыргызстандын Ички аскерлеринин аскерлери турган жерде, ошондой эле Көчө-Бою аймагында тажик аскерлери миномёттон аткылашып, тажик аскерлеринин аткылоосунун натыйжасында Кыргызстандын жаранынын үйү күйүп кетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter