У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Экспресс-Строй KG” курулуш компаниясы мэрияга мектептерди куруу боюнча сунуш менен кайрылган эмес


  “Экспресс-Строй KG” курулуш компаниясы Бишкек шаардык мэриясына мектептерди куруу тууралуу сунуш менен кайрылган эмес. Бул тууралуу аталган компаниянын башчысы Кочкорбек Жуманазаров "Азаттыкка" билдирген. 
 
 Ал курулуш компаниясынын аты аталып жатканын "интригаларга аралаштыруу" аракети катары баалаган. 
 
"Эч кандай келишим жок, тендерлерге дагы катышкан эмесмин. Сунуштар дагы айтылган эмес. Бул компаниянын негиздөөчүсү дагы, жетекчиси дагы менмин. Алардын бул компанияга тиешеси жок",-деп билдирген ал. 
 
Эске салсак, буга чейин  Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектептерди курууга мэрия “Экспресс-Строй KGни” тандаганын кабарлаган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter