У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэр: Шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө каражат жетишсиз


Шаардын көйгөйлөрү каражаттын жетишсиздиги менен байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Көлмө жаңы конушунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.
 
Анын айтымында, 2021-жылы Бишкек мэриясы 88 миллиард сом салык чогулткан. Анын 9 миллиарды гана Бишкек шаарынын мэриясында калган, калган каражат мамлекеттик бюджетке түшөт. 
 
«9 миллиард сомдун 4 миллиарды мугалимдердин айлыгына кетет. Мындан тышкары, коммуналдык чыгымдар жана башкалар бар. Шаар көйгөйлөрүн чечүү үчүн каражат жетишсиз. Бардык облустар жана райондор борбордон түшкөн акчанын эсебинен каржыланат. Бул маселени министрлер кабинетине коёбуз», —деди ал.
 
Айта кетсек, бул көйгөйдү мурдагы мэрлер да айтып, өкмөткө маселе коюшкан, бирок маселе чечилген эмес.
 
Мэр белгилегендей, мэрия 2022-жылы 100 миллиард сом чогултуп, көрсөтүлгөн сумманын 20 пайызын шаардык бюджетке калтырууну пландап жатат.
 
«Эгерде мэриянын бюджетине 20 миллиард сом каражат калса, анда канализация, жол, мектеп боюнча суроолорду болбойт эле. Маселелерди чечүү үчүн каражат керек», - деп кошумчалады Абдыкадыров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter