У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат: Бишкекке күндүз оор жүк ташуучу унааларды киргизүүгө тыюу салуу керек

 
Күндүз Бишкекке оор жүк ташуучу унааларды киргизүүгө тыюу салуу керек. Бул тууралуу депутат Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, көлөмдүү транспорт жол тыгындарын жаратып, борбордун экологиясын бузуп жатат.
 
«Аларга күндүз Бишкекке кирүүгө тыюу салуу керек. Башка өлкөлөрдө жүк ташуучу унааларды түн ичинде гана шаарга киргизген практика бар. Биз да ошол практиканы колдонуп, саат 01.00дөн 6.00гө чейин киргизүүгө уруксат берсек болот», - деди эл өкүлү.
 
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабылды Тиллаев бул маселе каралып жатканына жооп берди.
 
Белгилей кетсек, маселе бир жылдан ашык убакыттан бери талкууланып жатат, бирок бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter