У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэр Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын ишембиликке чакырды


 Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктарды ишембиликке  чакырды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, ишембилик 2-апрель ишемби күнү өткөрүлөт.
 
«Сиз четте калбаңыз. Сүйүктүү борборубузга бир таңды арнайлы, анткени шаарыбызга да камкордук керек! Ар бирибиз өзүбүздүн корообузду, кеңсебизди гана иретке келтирсек, анда шаар көзгө урунарлык таза жана сергек болот», - деп белгиледи мэрия.
 
Шаардык муниципалитеттин шаардык кызматтары да жалпы тазалоого даяр. 
 
«Мындан тышкары, тазалоо учурунда биз «Жашыл Мурас» улуттук акциясынын алкагында көчөттөрдү отургузууга басым жасап жатабыз», - деп кошумчалады мэрия.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter