Жогорку Кеӊештин комитети Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды
- 29.03.2022, 11:28,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети министрлер кабинетинин башчысынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.
Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болгон.