У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Түндүк электр” ишканасынын үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалды


Башкы прокуратура «Түндүк электр» ишканасынын үч кызматкерин коррупция боюнча кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Белгиленгендей, ишкананын кызматкерлери электр энергияга болгон дебитордук карызын мыйзамсыз түрдө эсептен чыгарып салышкан. Натыйжада мамлекетке 39 миллион сом зыян келтирилген.
 
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголду.
 
Кылмышка шектелип, «Түндүк электр» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов райондук электр энергиясын сатуу кызматынын башчысы Б.Т.О.  жана Бишкек шаары боюнча электр энергиясын сатуу кызматынын башчысы С.М.С. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter