У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту пара талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып жаткан активист Мелис Аспековго карата козголгон кылмыш ишин жыйынтыктап, өкүм чыгарды.
 
Буга чейин соттолуучу акыркы сөзүн айткан. Ал иш боюнча анын күнөөсү далилденбегендигин билдирген. Мелис Аспеков өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп эсептейт.
 
Судья Марат Сыдыков чыгарган чечимге ылайык Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды.
 
Эске салсак, Мелис Аспеков менен Улан Жураев 2021-жылдын январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter