У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди коргоо үчүн тик учак сатып алат

     
Кыргызстанга келген альпинисттерди коргоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар тобун түзүп, тик учак сатып алат. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бообек Ажыбеков билдирди.
 
Министр белгилегендей, биздин табиятыбыз тоолуу туристтерди жана альпинисттерди көп тартат.
 
«Тоо туризми жана альпинизм кымбат болгондуктан, ар бир альпинист жакыр эмес деп айтсак болот. Мындай туристтерди коргоо үчүн «Эдельвейс» куткаруу тобун түзүүнү чечтик. Бул иштин алкагында тик учак сатып алуудабыз. База Ала-Арчада жайгашат. Эл аралык стандарттарга ылайык, тоо туристтери жана альпинисттер эл аралык камсыздандырууну ала башташат. Альпинист адреналин жана жогорку коркунучтуу спорттун сүйүүчүсү болгондуктан, ага убагында медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишенимдүү болушу керек. Маселен, куткаруучу топ түзүлгөндөн кийин өзүн жаман сезип калса, эки сааттын ичинде шаардагы, жадакалса өлкөдөн тышкаркы мыкты клиникага жеткирилет», - дейт Бообек Ажыбеков.
 
Анын айтымында, куткаруу тобун түзүү кыргыз тоосунун популярдуулугун арттырууга жана туристтердин санын көбөйтүүгө жардам берет. Ошол эле учурда Түркия бул ишти ишке ашырууга жардам берип жатканын баса белгиледи.
 
«Өткөн жылдагы сапарда түрк тарап менен сүйлөшкөнбүз. Алардын жардамы менен биз «Эдельвейс» куткаруу тобун жана INSARAG эл аралык куткаруу тобун ачабыз. Эки топто теӊ эле бир эле куткаруучулар иштешет», - деди ӨКМ башчысы.
 
Ал белгилегендей, долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке киргизилет.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter