У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев: Укук коргоо органдарын, сотторду илгери эле сатып алышкан. УКМК Жумабековду, Исманкуловду камаш керек болчу…


 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облустук жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдрамановду кызматтан алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына барганда билдирди.
 
Министрдин айтымында, Калдарбек Абдраманов борбордогу каржылык мыйзам бузуулардан улам кызматтан алынууда.
 
«Анын жеке кардиологиялык борборлору бар. Ал мамлекеттин ооруканасын да жеке менчик кылып алган. Өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн алмаштырып алган», — деп түшүндүрдү Алымкадыр Бейшеналиев.
 
Мамлекетке зыян келтирген жетекчилерге эмнеге укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголбой, жөн гана жумуштан алуу жазасы колдонулуп жатканы боюнча суроого министр төмөндөгүдөй жооп берди: «Укук коргоо органдары, соттор, аларды илгери эле сатып алып коюшкан. Эбак эле УКМК Исманкуловду, Жумабековду жана башкаларды камаш керек болчу”.
 
Белгилей кетсек, 2014-жылдын ноябрь айында Калдарбек Абдраманов Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу болуп дайындалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter