У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамкурулуштун мурдагы жетекчиси Бишкектин вице-мэри болду

     
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
«Бактыбек Абдиев борбор калаанын вице-мэри болуп, Максатбек Саргазаков Свердлов районунун, Азамат Дороев Октябрь районунун башчысы болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
 
 Тиешелүү буйрукка 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгону маалымдалды.
 
Белгилей кетсек, Бактыбек Абдиев «Авангард Проект» курулуш-долбоорлоо компаниясынын директору болгон. Ал Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетектеген. Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы катары анын ишин сынга алып, кызматтан кетүүсүн сунуштаган.
 
2019-жылы Абдиевди ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамкурулушта начар иштегени үчүн да сынга алган. 2019-жылдын февраль айында министрлер кабинетинин отурумунан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Абдиевге сөгүш жарыяланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter