У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Украинага каршы агрессия” резолюциясына кайсы мамлекеттер кандай добуш берди?..


БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага басып киришин айыптап, Орусия Федерациясынан өз аскерлерин Украинанын аймагынан токтоосуз чыгарып кетүүсүн талап кылган “Украинага каршы агрессия” резолюциясын кабыл алды.
 
141 өлкө "макул", 5 өлкө "каршы": Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия добуш берди.
 
Калыс 35 мамлекет, анын ичинде: Армения, Кытай, Куба, Индия, Иран, Ирак, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Түштүк Африка, Тажикстан, Вьетнам жана башкалар.
 
11 өлкө добуш берген жок, анын ичинде: Азербайжан, Марокко, Түркмөнстан, Өзбекстан, Венесуэла жана башкалар.
 
Калыс же добуш бербеген өлкөлөрдө 4,24 миллиард адам жашайт. Резолюцияны колдогон өлкөлөрдө 3,27 миллиард адам жашайт.
 
Резолюцияны колдогон өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы калыс болгондордон 3 эсе, каршы болгондордон 38 эсе көп.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter