У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Владимир Зеленский: Эгер өнөктөштөр биздин НАТОдо болушубузду каалабаса, анда бизге коопсуздук кепилдиги керек


Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы кайрылуусунда украиналыктардын өлтүрүлүшүнө үн катууга чакырды. Видео өлкө башчынын расмий Telegram-каналына жарыяланды.
 
Орус тараптын телемунарага жасаган ракеталык соккусуна комментарий берип жатып, ал тарыхты жакшы билген ар бир жөнөкөй адам үчүн Баби Яр Киевдин өзгөчө бөлүгү, Европанын өзгөчө бөлүгү экенин белгиледи.
 
«Мен азыр дүйнөнүн бардык еврейлерине кайрылып жатам – эмне болуп жатканын көрбөйсүңөрбү? Ошондуктан, азыр дүйнө жүзүндөгү миллиондогон еврейлер унчукпай калбашы абдан маанилүү. Нацизм унчукпоодон жаралат. Ошондуктан, карапайым калктын өлтүрүлүшү тууралуу үн каткыла»,-деди ал. 
 
Президент НАТО өлкөлөрүнө да кайрылды.
 "Эгер өнөктөштөр биздин НАТОдо болушубузду каалабаса, анда бизге коопсуздук кепилдиги керек" деди ал.
 
Ошондой эле Владимир Зеленский: "Эгер Украина ураса, орус аскерлери НАТОнун чек араларында болот" ,- деп эскертти.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter