У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркиянын Россияга каршы санкция киргизүү планы жок


Түркия диалог каналы болушу үчүн Россияга каршы санкцияларды киргизүүнү пландабайт. Бул тууралуу өлкө президентинин расмий өкүлү Ибрагим Калын CNN Turk телеканалына берген маегинде билдирди.
 
«Бул биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга туура келбейт. Россия менен тыгыз соода алакабыз бар, газ сатып алабыз, туризм жана башка тармактарда кызматташабыз. Андан сырткары Россия менен сүйлөшө турган тарап болушу керек. Элдин баары көпүрөнү өрттөп жатканда Россия менен ким сүйлөшөт? Бул каналды ачуу үчүн санкция киргизүүнү пландаган жокпуз»,-деди ал.
 
Ибрахим Калын ошондой эле Анкаранын өлкөгө «зыян келтире турган чараларды көрүү ниети жок» экенин кошумчалады. 
 
«Бизде туризм, жаратылыш газы, айыл чарбасы сыяктуу тармактарда тыгыз соода алакабыз бар», - деп түшүндүрдү ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter