У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Украинадагы кырдаал. БУУнун эсебинде 536 жайкын тургун набыт болду

 
  24-февралдан бери Украинада кеминде 536 жайкын тургун, анын ичинде 13 бала каза болду, деп жазат Reuters БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Элизабет Тросселге шилтеме берүү менен.
 
Анын айтымында, 400 адам жаракат алган, алардын 26сы балдар.
 
"Чынында  жоготуулар бир топ жогору болушу мүмкүн" деди ал брифингде.
 
Элизабет Троссел каза болгондордун жана жаракат алгандардын көбү аба соккуларынан, ошондой эле жардыргыч куралдарды колдонуудан, анын ичинде оор артиллерия жана бир нече ракеталык системалар менен аткылоодон болгонун белгиледи.
 
Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко бир күн мурун 352 адам, анын ичинде 16 бала каза болгонун билдирген. Анын айтымында, 2 240 карапайым тургун жараат алды, алардын 45и балдар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter