У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Украинадагы кыргызстандыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө камынууда


 Украинадагы кыргызстандыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө камынууда. Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Ал Тышкы иштер министрлигине мекендештерге жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 
 
«Жарандарыбыз чалып жатат, кетебиз деп жатышат, бирок биздин элчилик менен байланыша албай жатышат», - деди эл өкүлү.
 
Эске салсак, Украинадагы кырдаал Россиянын президенти Владимир Путин элине кайрылуусунда Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин жарыялагандан кийин кескин курчуп кеткен.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter