У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоо башталгандан бери ИИМге мыйзам бузуулар боюнча 25 арыз түшкөн

 
     Үгүт иштери башталгандан бери Ички иштер министрлигине мыйзам бузуулар боюнча 25 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
 
Анын айтымында, алардын 15инде фактылар тастыкталган эмес. Үч факты боюнча кылмыш иши козголгон.
 
«Биз буга чейин эки агитатор кармалып, шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат бергенбиз. Бүгүнкү күндө Свердлов районунда да добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат», - деди Султан Макилов.
 
Бүгүн Бишкекте бир мандаттуу эки округда шайлоо өтүп жатат.  2021-жылдын ноябрында болгон шайлоодо Свердлов жана Биринчи май райондорунда шайлоочулардын көбү “бардыгына каршы” добуш берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter