У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте бөйрөк алмаштыруунун баасы канча турат? Дарыгердин жообу…


Бишкекте бөйрөк алмаштыруу операциясы канчага турарын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса майыптар бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков брифингде айтып берди.
 
Анын айтымында, трансплантация үчүн депутат Дастан Бекешев мурда эсептегендей, бейтапка 20 миң доллар эмес, 7100 доллар керектелет. Эл өкүлү бөйрөк алмаштыруу операцияларына узак мөөнөттүү насыя бөлүүнү сунуштап, бейтап 20 миң доллар чыгым болорун белгиледи.
 
«Бир бөйрөк алмаштыруу операциясына 20 миң доллардай каражат керектелет, бирок Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден 7-8 миң доллар деген фантастикалык цифраны уктук. Азыр доллар көтөрүлүшү мүмкүн экенин эске алганда, бул реалдуу эмес деп ойлойм. Эгер чындап эле ушундай сумма болсо, анда Борбор Азиядан бейтаптар бизге келип операция жасашмак», - деп белгиледи ал.
 
Мирбек Байзаков Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы айткан цифралар реалдуу экенин баса белгиледи.
 
«Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөктү трансплантациялоо 2012-жылы Белоруссиядан келген кесиптештер менен биргеликте жасалган. Бизге бир нече жолу келишти, алар менен биргеликте жалпысынан 17 операция жасадык. 2018-жылдан бери бул операциялар өз алдынча жүргүзүлүп келет. Бардыгы болуп 22 операция жасалган. Быйылкы акыркы бейтап үч жумадай мурун ооруканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандырарлык.
 
7100 доллар - бул реалдуу чыгым. Бул суммага бардык керектелүүчү материалдар, дарылар кирет. Бардык чыгымдар бейтаптын эсебинен болот. Эгерде жаран мамлекеттин эсебинен гемодиализ алса, жылына орточо эсеп менен 25 миң долларга чейин чыгат. Бул сумманы бөйрөк трансплантациясына багыттаса болот жана кошумча каражат издөөнүн кажети жок», - деди ал.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter