Социалдык жөлөк пулга муктаждардын тизмесин карап чыгуу керек. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жөлөк пул алгандардын арасында мындай колдоого муктаж болбогондор бар.
«Алынган социалдык төлөмдөрдүн арасында кафе-ресторандардын ээлери, миллионерлер бар. Алар жеңилдиктерди алышат. Сиз тизмени карап чыгышыңыз керек. Социалдык жөлөкпул алуучулардын тизмеси жыл өткөн сайын көбөйбөшү керек. Аларды, тескерисинче, кыскартыш керек. Жакынкы келечекте бутуна туруп, жөлөк пулдан баш тартышы үчүн чындап эле муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо, аларга жардам берүү зарыл», - деди ал.
Жөлөкпул чындап муктаж болгондорго жетпей жатканын депутат Бакыт Сыдыков да белгиледи.
«Жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрөбүз, бирок алар муктаждарга жетпейт. Кимдер жөлөк пулга муктаж экенин аныктай албаса Социалдык коргоо министрлигинин 4 миң 700 кызматкери эмне иш кылып отурат? Эгерде өлкөдө жакырчылыктын азайып жатканы жөнүндө айтсак, анда эмне үчүн учурда жөлөк пулга муктаждардын саны азайбайт?»,-деп сурады ал.