Россиянын Калуга облусунда мигранттарга соода, такси кызматында, коомдук тамактануу жайларында иштөөгө тыюу салынды. Ошондой эле укук коргоо органдары мигранттардын орус тилин билүү деӊгээлин тастыктаган сертификаттарын текшере баштаган. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 11-февралда облус жетекчиси эскертүүсүз Боровский районундагы көп функционалдуу миграциялык борборго рейд жасаган. Ал биринчи жолуккан мигрант менен баарлашып көргөн, бирок атайын сертификаты болгонуна карабай мигрант орус тилин билген эмес.
"Ал мени такыр түшүнгөн жок! Орусча билбейт!» деп ачууланган облус жетекчиси, укук коргоо органдарына кайрылып, күбөлүктөрү күмөндүү болгондордун документтерин текшерүү тапшырмасын берген.
Ошондой эле мигранттардын соода, коомдук тамактануу жана коомдук транспортто, анын ичинде такси кызматында иштөөсүнө тыюу салуу киргизилет. Аларга агенттиктериндеги бош орундардын баарын жабылган. Иш берүүчүлөр үч айга чейин иштерди кабыл алынган документке ылайык келтирүүгө тийиш.
Эске салсак, Калуга облусу мигранттардын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлган биринчи аймак эмес. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Югранын бир катар аймактарында мигранттардын иштерине тыюулар салынган. Мындан ары аларга такси жана башка коомдук транспортторду айдоого, балдар тамак-ашын өндүрүүгө, билим берүү тармагында иштөөгө, алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана тамак-аш азыктарын чыгарууга тыюу салынды. Облус өкмөтүндө белгиленгендей, документ жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Юградан кийин кошуна Тюмень облусунун башчысы Александр Мур да мигранттардын иштерине тыюу салган ушундай эле жарлыкка кол койгон.