У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди


 11-февралдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде иш убактылуу токтотулганын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат участкасында кыргыз жарандары чарбалык иштерди жүргүзө баштаган. Иш учурунда Максат айылынын жанына Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык ишти токтотууну талап кылышкан. Тажикстандын жарандары дагы чек аранын такталбаган тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдануу иштерин баштаган.
 
Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды.
 
Кыргызстандын Лейлек тилкеси жана Тажикстандын Ганчы тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашышты. Эл тарап кетти.
 
11-февраль саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter