Элчи Жаныш Рустенбековдун дипломатиялык миссиясы аяктады…
- 11.02.2022, 16:02,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, актуалдуу маселелер, эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо, ошондой эле чек ара жана аймактар аралык кызматташуу, талкууланды.
«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын чек ара тилкесиндеги ишин активдештирүү зарылчылыгы тууралуу макулдашты»,-деп айтылат маалыматта.
Элчи Рустенбеков белгилегендей, мамлекеттер ортосундагы чек ара сызыгын аныктоонун аяктоосу чыңалууну басаңдатууга жана жалпысынан Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектеш аймактарындагы чыр-чатактарды жана инциденттерди кыскартууга оң таасирин тийгизет.