У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия Бишкек менен Дүйшөмбүгө чек араны тактоого жардам берүүгө даяр


 Россия Тажикстан жана Кыргызстан менен чек араны тактоо тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу орус мамлекеттик маалымат агенттиги Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме берүү менен жазып чыкты.
 
Ал мисал катары Орусия менен Казакстандын чек арасын делимитациялоо тажрыйбасын атады.
 
«Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал туруксуз бойдон калууда, бул Россиянын олуттуу тынчсыздануусун жаратууда. Биз ырааттуу түрдө ал жерде жаралган бардык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактайбыз: ок атышууну токтотуу келишимдерин так сактоо, күчтөрдү жана аскердик техниканы чыгарып кетүү, улуттар аралык кастыкты козутууга жол бербөө, анын ичинде массалык маалымат каражаттарында да», - деди Тышкы иштер министринин орун басары.
 
Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Орусия Дүйшөмбү менен Бишкекке мамлекеттик чек аранын жалпы тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоодо көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген. Анын айтымында, эгер тараптар орусиялык адистерди тартууга макул болсо, Орусия Бишкек менен Дүйшөмбүгө картографиялык материалдар менен иштөөдө жардам бере алат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter