Эгер бийлик алмашып кетсе, Эдил Байсалов артын карабай Англияга качат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Жеӊишбек Токторбаев парламенттин жыйынында айтты.
«Депутаттарды мыскылдап, шакабалап, кемситип сүйлөгөнгө Эдил Байчаловго ким уруксат берди. Анын кандай аксы бар. Биз депутатбыз, ушул жерде отурган депутаттардын алды 25 миӊ, арты 7 миӊ добуш алды. Эмне үчүн ал депутаттарды шылдыӊдап сүйлөйт. Кыйын болсо депутат болуп келбейт беле, депутаттыкка койсо 100 добуш алар. Аны эч ким урматтабайт, сыйлабайт. Чыгып алып эле «кылым кыйшайбайт»- дейт. Эмне деген кыл аныкы, кандай кыл ал?..»-деди депутат.
Ошондой эле депутат Байсаловду чакырып, тарбиялап коюуга чакырды.
«Телевидениеге чыгып алып, «менин кылым кыйшайбайт, биздин акылыбыз көп, биздин өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров», -дейт. Билебиз, Акылбек Жапаровдун да кандай акылы бар экенин. Байсаловду чакырып тарбиялап койбойсуӊарбы. Негизи Байсаловдун деӊгээли боюнча айтсак, аны циркке директор кылып коюш керек. Керек болсо ал циркти да тарат албайт, аны ассистент кылып коюш керек.
Урматуу депутаттар биз Эдил Байсаловго элдин өкүлү экенибизди түшүндүрүп коюушубуз керек экен. Биз керек болсо Конституцияны өзгөртүп коюуга укугубуз бар. Эгер бийлик алмашып кетсе, Эдил Байсалов артын карабай Англияга качат, биз ушул жерде калабыз»,-деди ал.