Жогорку сот судьялардын айлыгы 160 миң сом деген маалыматты четке какты
- 31.01.2022, 10:16,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку сот судьялардын айлыгы 160 миң сомду түзөт деген маалыматка боюнча үн катты.
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-июлунан тарта эмгек акы көтөрүлгөндөн кийин судьялардын маянасы инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетет. Ошондой эле эмгек стажы, квалификациялык класс, класстык чинге жараша кошумча акча берилет.
«Соттордун айлыгы Каржы министрлигинин маалыматында көрсөтүлгөн суммадан кыйла төмөн. Муну ачык булактардан көрсө болот. Келечекте Каржы министрлиги чоӊ ийгиликке жетип, сот тармагында иштегендердин баарынын айлыгы жогорулайт деп ишенебиз», - деп айтылат маалыматта.