АКШ кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакка тынчсызданууда
- 29.01.2022, 13:29,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр-чатактар болуп жатканына абдан тынчсызданып жатканын билдирди.
«Биздин чек арадагы жаӊжалда курман болгондор менен алардын үй-бүлөлөрү жана чек арадагы чырдан улам эвакуациялоого аргасыз болгондорго тынчсызданып жатабыз. Биз чечилбеген чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз», - деди ал.