У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын отчет берүү мыйзамына тынчсыздануусун билдирди


     Америка Кошмо Штаттары жакында (БӨУ) мамлекеттик эмес уюмдарды отчёт берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин пресс-катчысы Нед Прайс билдирди.
 
Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөткө COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүгө көмөктөшүү үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоол болууда.
 
 “Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде өкмөттү, саясий ишмерлерди сындаган уюмдарга каршы колдонулган жана аны менен алардын пикирин эркин билдирүү укугу бузулган. Биз өлкө жетекчилерин мыйзамды кайра карап чыгууга чакырабыз. Кыргызстандын 30 жылдык эгемен тарыхында калыптанган плюрализм жана биригүү эркиндиги коргоп-колдоого муктаж. Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын негизи болгон жарандык коомго тийгизген терс таасирин карап чыгууга чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.
 
Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter