У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Зарылбек уулу юстиция министринин орун басары болуп дайындалды


 Зарылбек уулу Алмазбек юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү буйругу 26-январда чыкты.
 
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал күч блогун жана ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун директорун жетектейт.
 
Аны командага юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды.
 
1975-жылы 16-июлда Чүй районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде иштеген, юстиция министринин кеңешчиси, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгын жетектеген, андан кийин пробация бөлүмүн жетектеген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter