Депутат Исхак Масалиев кайра шайлоого катышууга ниеттенүүдө…
- 27.01.2022, 12:11,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңешке кайра шайлоого №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча катышууга ниеттенүүдө.
Бул тууралуу ал 24-январда Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөткөн.
Исхак Масалиев учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
Депутат эмне үчүн кайрадан депутаттыкка талапкер болууну чечкени азырынча белгисиз.
Ошондой эле БШК андан мандатын тапшыруу боюнча арыз түшө электигин билдирди.